Салык төлөөдөн качуу жана алдамчылыкка шек саналып кармалган Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Камчыбек Жолдошбаев эки айга камалды. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунан билдиришти.
Соттун чечимине ылайык, Жолдошбаев 19-апрелге чейин камакта болот.
Эске салсак, “Беш-Сары” ишканасынын негиздөөчүсү Камчыбек Жолдошбаев 22-февралда кармалган. УКМКнын маалыматына караганда, “Беш-Сары” компаниясы көп жылдардан бери кош бухгалтердик эсепке алуу иштерин жүргүзүп келгени аныкталган.