• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнө жазаны күчөтүү сунушталат

16 Үчтүн айы 202313:32 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнө кылмыш жоопкерчилигин күчөтүү сунушталып жатат. Бул тууралуу маалымат жыйында ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев билдирди.

«Азыркы учурда уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү тууралуу мыйзамга толуктоо киргизүү боюнча мыйзам долбоору даярдалып жатат, жакында документ Жогорку Кеңештин кароосуна жөнөтүлөт. УКТ мүчөлөрүнө мыйзам бузууларды алдын алуу иштерин жүргүзүү, соттолгон мүчөлөрүн амнистиядан ажыратуу сыяктуу толуктоолор сунушталууда», — деди ал.

Количество просмотров: 235