• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды (видео)

20 Бугу 2022 14:26 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарында уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 2022-жылдын 18-майында Кыргыз Республикасынын аймагында уюшкан кылмыштуулукту аныктоо жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, акча каражаттарын опузалап талап кылып алып жаткан учурунда уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү 1990-жылы туулган Б.К.Н. кармалды.

«Ушул жылдын 20-мартында К.А.А. аталган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсүнүн атынан А.Д., А.М., М.М. жана К.Б. аттуу адамдар Е.Д.А. аттуу жеке ишкерге таандык «Мерседес-Бенц» үлгүсүндөгү унаасын күч колдонуп алып кетем деп коркутуп кайра каттоого мажбурлашкан. Мындан тышкары, жогорудагы уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү, Е.Д.А. аттуу ишкерден 20 миң АКШ доллары өлчөмүндөгү акча каражатын ар кандай жол менен коркутуп жүрүшкөн. КР УКМКнын тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө, мурда талап кылган акча каражатынын бир бөлүгүн, тагырагы 300 миң сом өлчөмүндөгү акча каражатын алып жаткан учурунда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү Б.К.Н. кармалды»,-деп айтылат маалыматта.

Аталган факты КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси (Опузалап талап кылуу) боюнча катталып, кармалган адам КР УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Количество просмотров: 6985