• Жекшемби 5 Теке 2026
  • Воскресенье 5 Июль 2026

В. Шевченко: Ысык-Көл дайым жүрөгүмдө, ал эми «Ош» базары маданий баалуулуктардын бири болуп калды

8 Чын куран 201916:03 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 08.04.2019. Govori.TV.

Кыргызстандын Ысык-Көлү менен Бишкектеги «Ош» базары көңүлүмөн кетпейт. Бул тууралуу UFC чемпиону Валентина Шевченко борбор калаада өтүп жаткан маалымат жыйында журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

«Ысык-Көл дайым менин жүрөгүмдө, ыйык жер. Ал эми «Ош» базары маданий баалуулуктардын бири болуп калды. Биз Кыргызстанга бир жумага келдик. Убакыт абдан тар, барып кеткенге аракет кылам. Бир нерсе сатып алыш үчүн деле эмес, жөн гана басып, көрүп дегендей…», — деди кыргызстандык мушкер.

Өз сөзүндө Шевченко Кыргызстанда төрөлүп-өскөнүнө абдан сыймыктанарын, анткени дал ушул жерде анын духу чыңалып, жакшы тарбия алганын, азыркы ийгиликтеринин негизги өзөгү Кыргызстанда түзүлгөнүн белгиледи.

Буга чейин Валентина Шевченкону Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков кабыл алып, «Даңк» ордени менен сыйлады. Ал жолугушуу учурунда жыл сайын Ысык-Көлдө эс алып турууга чакырды.

Количество просмотров: 14