• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

«Вагнердин» курал-жарак жана техникасы орус армиясына өткөрүлүп берилди

13 Теке 2023 9:07 Бишкек Govori.TV

«Вагнер» жеке аскердик компаниясына тиешелүү курал-жарак жана аскердик техника орус армиясына өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу 12-июлда Орусиянын Коргоо министрлиги билдирди.

Министрлик 2 миңден ашык аскердик техниканы, ошондой эле курал-жарак жана ок-дарыларды алган.

Берилген техниканын арасында жүздөгөн оор курал-жарактар: Т-90, Т-80, Т-72 танктары, “Град” жана “Ураган” системалары, “Панцир” зениттик-ракеталык системалары, өзү жүрүүчү 2С1 «Гвоздика», 2С3 «Акация», 2С5 «Гиацинт», 2С4 «Тюльпан» артиллериялык орнотмолору, гаубицалар жана танкка каршы куралдар, минометтук комплекстер, бронетранспортёрлор, БТР жана машиналар бар

Коргоо министрлиги бул техниканын айрым бөлүктөрү согуштук шарттарда колдонулбаганын белгиледи.

Аскердик ведомство техника жана курал-жарак тылга жеткирилип, алар техникалык тейлөөдөн өтөрүн билдирди.

24-июнга караган түнү «вагнерчилер» Украинадагы базаларынан чыгып, Ростов-на-Дону шаарын эч кандай каршылыксыз басып алган. Москвага 200 чакырым калганда Пригожин «кан төгүүнүн алдын алуу үчүн» артка кайтышарын күтүүсүздөн жарыялаган. Андан кийин ал Беларуска барганы маалымдалган.

Орусиянын президенти Владимир Путин 27-июндагы билдирүүсүндө «Вагнер» менчик аскердик компаниясы толугу менен мамлекеттен каржыланып келгенин моюнга алган.

Количество просмотров: 125