• Жекшемби 5 Теке 2026
  • Воскресенье 5 Июль 2026

Валентина Шевченко «Даңк» ордени менен сыйланды

8 Чын куран 201913:27 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 08.04.2019. Govori.TV.

Президент Сооронбай Жээнбеков Валентина Шевченкону «Даңк» ордени менен сыйлоо жана анын машыктыруучусу Павел Федотовго «Кыргыз Республикасынын дене тарбиясына жана спортуна эмгек сиңирген кызматкер» деген ардак наамын берүү жөнүндө жарлыкка кол койду.

На данном изображении может находиться: 2 человека, люди стоят

Жарлыкка ылайык аралаш күжүрмөн искусствонун (MMA — Mixed Martial Arts) абсолюттук мушкердик чемпионатынын (UFC — Ultimate Fighting Championship) турнирлеринде өзгөчө спорттук жетишкендиктери үчүн «Даңк» ордени менен аралаш күжүрмөн искусствонун мушкери, аялдар арасында өтө жеңил салмактагы UFC чемпиону Шевченко Валентина Анатольевна сыйланат.

Нет описания фото.

Ошондой эле дене тарбия жана спортту өнүктүрүүгө кошкон зор салымы, республиканын квалификациялуу спортсмендерин даярдагандыгы үчүн «Кыргыз Республикасынын дене тарбиясына жана спортуна эмгек сиңирген кызматкер» деген ардак наам эл аралык класстагы спорт чебери, Кыргыз Республикасынын «Муай Тай» тайбокс федерациясынын башкы машыктыруучусу Федотов Павел Васильевичке берилет.

На данном изображении может находиться: 5 человек, люди улыбаются, люди стоят и костюм
Количество просмотров: 14