• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Валентина Шевченко UFC’нин чемпиону болду

9 Бештин айы 2018 14:37 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 09.12.2018. Govori.TV
Кыргызстандык мушкер  Валентина Шевченко UFC’нин чемпиондук курун тагынды. Беттеш бүгүн, 9-декабрда Канаданын Торонто шаарында орун алды.
Чемпиондук кур үчүн беттеште Валентина Шевченко Йоанна Енжейчик менен күч сынашты. Беттештин жүрүшүндө Валентина Шевченко таамай соккулары менен атаандашынын айласын кетирип жатты. 5 раунддук беттештин ар бир бөлүгүндө Шевченко мыктыраак болуп, натыйжада калыстардын бирдей чечими менен жеңишке жетти.
Муну менен Валентина Шевченко UFC’нин 57 килограммга чейинки салмак чениндеги чемпиондук курунун ээси болду.

Белгилүү болгондой, буга чейин Валентина Шевченко 2 жолу чемпиондук кур үчүн Аманда Нуньес менен күч сынашып, жеңилүү ызасын тартып калган.
Количество просмотров: 27