«Кыргызстандын медиа-аракет платформасынын» жетекчиси Тамара Валиева президентти маалымат каражаттары менен диалогго чакырды. Бул тууралуу ал Бишкекте өткөн маалымат жыйында билдирди.
«Биз президенттен бош убактысын бөлүп, көз карандысыз журналисттер менен жолугушууну суранабыз. Бизге сүйлөшүү керек, компромисс керек. Журналисттерге болгон таарынычтарды унутуп, кең пейил адам катары мындан жогору болгула», — деди Валиева.
16-январда Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматына шектүү катары жеткирилген 11 журналист милициянын убактылуу кармоочу жайына 48 саатка камакка алынды. Алар “Темиров LIVE”, “Айт, айт десе” долбоорлорунда иштеген, мурда иштеп кеткен, кызматташкан журналисттер жана активисттер.
15-январда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) кызматкерлери 24.kg маалымат агенттигинин кеңсесинде айрым техникалык каражаттарын алып кеткен жана үч кызматкерин суракка алып, кое берген.