• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

«Вега» менен түзүлгөн келишимге кол коюлду

12 Жетинин айы 2018 15:39 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 12.11.2018. Govori.TV
Бүгүн, 12-ноябрда Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетинде “Коопсуз шаар” долбоорун ишке ашыра турчу “Вега” компаниясы менен түзүлгөн келишимге кол коюлду.
Эми компания 90 күндүн ичинде долбоордун биринчи этабын ишке ашырышы керек. Бул тууралуу Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетинин жетекчиси Бакыт Шаршембиев билдирди.
«Коопсуз шаар» долбоорунун алкагында компания ар бир айып төлөөдөн түшкөн акчанын 211 сомун алып калат, калган акча мамлекетке түшөт. Алгачкы жумуштар Бишкек шаары боюнча башталат. Шаар мэриясы видеокөзөмөлдөр кайсы жолдун кесилишине орнотулушун аныктап, даярдап берет. Алгач 20 комплекс коюлат. Долбоор толугу менен 5 жылда ишке ашат.
Буга чейинки соттук иштер токтотулганын комитет кошумчалайт.
Эске салсак, быйыл онлайн аукцион өтүп «Коопсуз шаар» долбоорун ишке ашыра турчу компания тандалган. Биринчи сынак ийгиликсиз аяктап, кийинкисинде орусиялык «Вега» компаниясы утуп чыккан.
Количество просмотров: 40