• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Венера Сагындык кызы: Улан Эгизбаевдин ишин улантабыз (видео)

23 Теке 2018 17:43 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 23.07.2018. Govori.TV
Улан Эгизбаевдин ишин улантабыз. Бул туурасында «Азаттык» үналгысынын директору Венера Сагындык кызы журналистти эскерип жатып айтты.

https://www.youtube.com/watch?v=RLj9eCpk6g4

Чыгаан журналист, өлкөнүн келечегине жан дили менен күйгөн Кыргызстандын мекенчил уулу Уланбек Эгизбаев менен замандаштары, коомдук жана мамлекеттик ишмерлер, саясатчылар, Кыргызстандагы жана чет өлкөдөгү журтташтары, кесиптештери коштошууда. «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси Венера Сагындык кызынын Уланбек Эгизбаев тууралуу эскерүүсү.
«Азаттыктын» кабарчысы Уланбек Эгизбаев 22-июлда Ысык-Көлгө эс алууга барган жеринен сууга чөгүп, кийин Чолпон-Ата шаарында ооруканада каза болду. Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы журналист кырсыктаган “Акун” пансионатына тергөөчүлөр тобу жөнөтүлгөнүн маалымдады. Окуяны министрлик көзөмөлүнө алды.
Уланбек Эгизбаевдин сөөгү 24-июлда өзү туулган Кочкор районунун Көк-Жар айылында коюлат. Журналисттин тажиясы саат 10.00дө болот.
Уланбек Эгизбаев 1990-жылы Нарындын Кочкор районунда туулган. Ал 2013-жылы Кыргыз-түрк “Манас” университетинин коммуникация факультетин, 2015-жылы БГУнун саясат таануу багыты боюнча магистратурасын аяктаган. «Азаттык» радиосунда 2013-жылдан тартып иштеп келе жаткан.
Количество просмотров: 10