• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

Уланбек Эгизбаевдин бутундагы тактар экспертизадан өткөрүлүп жатат

24 Теке 2018 9:41 Бишкек Govori.TV
Бишкек.24.07.2018.Govori.TV
«Азаттыктын» журналисти Уланбек Эгизбаевдин эки бутунда байкалган тактардын чоо-жайын соттук-медициналык экспертиза текшерип жатат.
Жакындарынын өтүнүчү менен маркумдун сөөгү экспертиза үчүн 23-июлга караган түнү Чолпон-Атадан Бишкекке жеткирилген. Сөөктү ачуу 23-июлда саат 9да башталып, ага «Азаттыктын» кабарчысы Токтосун Шамбетов менен маркумдун досу Каниет Жыргалбеков катышкан.
Токтосун Шамбетов Эгизбаевдин бутундагы тактарды Чолпон-Атадан эле байкап, аны милициянын протоколуна коштурганын билдирди.
Анын айтымында, сөөк Бишкекке жеткирилгенден кийин анын бутундагы тактарды Жогорку Кеңеш депутаттары Жанар Акаев, Абдывахап Нурбаев да көргөн. Азырынча экспертизанын толук тыянагы чыга элек.
Буга чейин Соттук-медициналык экспертиза борбору жүргүзгөн иликтөөнүн баштапкы жыйынтыгында журналист «чөгүп өлгөнү» кабарланган. Уланбек Эгизбаев 22-июлда Чолпон-Ата шаарында ооруканада каза болду. Ал Ысык-Көлдөгү «Акун» пансионатында эс алууга барган жеринен сууга чөгүп, башка эс алуучулар тарабынан жээкке чыгарылган.
Уланбек Эгизбаев соңку эки айда Улуттук тарых музейиндеги мумия баш болгон экспонаттардын чоо-жайын, Бишкекте жана анын тегерегинде өөрчүп кеткен көрүстөн сатуу бизнесин иликтеп чыккан.
Айрым учурларда ага телефондон коркутуп-үркүтүү, түшүнүксүз каттар келгени маалым болгон.
28 жаштагы Уланбек Эгизбаев Нарын облусунун Кочкор районунда туулган. 2013-жылы Кыргыз-түрк “Манас” университетинин коммуникация факультетин, 2015-жылы БГУдан саясат таануу багыты боюнча магистратураны аяктаган. «Азаттык» радиосунда 2013-жылдан тартып иштеп келген. Маркум ата-энесинин төрт кыздан кийин көргөн жалгыз уулу. Артында ата-энеси, эжелери жана кош бойлуу жубайы калды. Сөөгү 24-июлда саат 10.00дө өзү туулуп-өскөн Кочкордун Көк-Жар айылына коюлат.

Булак:Азаттык

Количество просмотров: 6