• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Венгрия өзбек студенттери үчүн жылдык квотаны көбөйтөт

5 Тогуздун айы 2022 9:08 Бишкек Govori.TV

Будапешттеги Шандор сарайында Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев менен Венгриянын президенти Каталин Новак жолукту. Бул тууралуу өзбек президентинин басма сөз кызматы билдирди.

Тараптар эки тараптуу кызматташуу өнүгүп жатканын белгилеп, кеңири саясий диалогду тереңдетүүгө, өз ара колдоону улантууга, парламенттер аралык жана коомдук байланыштарды алдыга жылдырууга макулдашты.

Акыркы жылдары эки өлкөнүн ортосундагы соода жүгүртүү дээрлик үч эсеге өскөнү айтылды.

Жергиликтүү ЖМКлар маалымдагандай, Өзбекстан менен Венгрия президенттеринин сүйлөшүүсү учурунда венгер тарап өзбек студенттери менен докторанттары үчүн жылдык квотаны 170 стипендияга чейин көбөйтүү чечимин кабыл алды. ЖОЖдордун ректорлорунун экинчи өзбек-венгер форумун өткөрүү максатка ылайык экени белгиленди.

Жолугушуунун соңунда Шавкат Мирзиёев Каталин Новакты Өзбекстанга чакырды.

Количество просмотров: 57