• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Акылбек Жапаров Венгрияда иш сапары менен жүрөт

12 Тогуздун айы 20249:28 Бишкек Govori.TV

Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жумуш сапары менен кечээ Дебрецен шаарына (Венгрия) келди.  

Ал алгач BMW Group Plant Debrecen заводуна барды, бул Neue Klasse платформасынын негизинде иштелип чыккан жаңы муундагы электр унааларын чыгарууга адистешкен дүйнөдөгү биринчи завод. МинКаб Төрагасы заводдун иши менен таанышып, автомобиль куроо жана алдыңкы технологиялар тармагындагы кызматташуунун келечегин талкуулады.  

Андан соң ал ангус тукумундагы уйлардын этин жана эт азыктарын өндүрүүгө ылайыкташкан кайра иштетүүчү “Hortobágy Angus” Kft., заводуна барды. Акылбек Жапаров өндүрүш процесстери менен таанышып, тажрыйба алмашуу жана Кыргызстанда алдыңкы тажрыйбаларды жайылтуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулады. 

Дебрецен шаарынан кийин МинКаб Төрагасы Будапешт шаарына учуп кетти, анда Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан менен тар жана кеңейтилген курамда сүйлөшүүлөр жүргүзүлөөрү пландалууда.   

Количество просмотров: 150