• Шейшемби 21 Аяк оона 2021

Венгрияда Кыргызстандын элчилиги ачылды

9 сентября 2021 в 15:42 Бишкек Govori.TV

Венгрияда Кыргызстандын элчилиги негизделди. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Кыргызстандын Венгриядагы элчилигин уюштуруу жөнүндө жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.

“Кыргызстан менен Венгриянын саясий, соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий байланыштарын андан ары өнүктүрүү үчүн Будапешт шаарында Кыргызстандын элчилиги уюштурулду”, — деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 56