Жогорку Кеңештин депутаттарынын жардамчысы жана бирден кеңешчиси болот. Мындай чечим 9-февралда парламенттин аппаратынын түзүмүн караган жабык жыйында кабыл алынды.
Парламенттин структурасын бекитүү маселеси жабык эшик артында каралды.
«Кызматтык унаалар берилбейт, бир гана майыптыгы болгону үчүн Дастан Бекешев камсыздалат. Ага бир консультант, эки жардамчы берилет»,-деп билдирген “Ынтымак” фракциясынын мүчөсү Балбак Түлөбаев.
Буга чейин Жогорку Кеңештин жана президенттин иш башкармалыгын бириктирген. Өлкө башчынын бул жарлыгы бюджеттин чыгымын азайтуу менен байланыштырылган.