Бишкекте коронавирусту эң көп жуктургандар Жал жана 12-кичирайонунда катталды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын вице-мэри Татьяна Кузнецова бүгүнкү брифингде билдирди.
«Вирусту жуктургандар 162 жаран 25 калктуу конуштун тургундары. Ал эми шаардын борбордук бөлүгүндө коронавирусту эң көп Жалда — 15, 12-кичирайонунда — 15, Аламедин-1де — 5, Фучикте 6 адам жуктурган», — деди вице-мэр.
Ошондой эле вице-мэр 12-июнга карата стационарларда 243 жаран дарыланып жатканын кошумчалады.