• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

Вирусту жайылтып алдык. Балбак Түлөбаев шаар тургундарына кайрылды

25 Кулжа 202018:11 Бишкек Govori.TV


Бүгүн, 25-июнда Бишкек шаарындагы эпидемиологиялык кырдаал боюнча мэриянын аппаратынын жетекчиси Балбак Түлөбаев өкмөттөгү брифингде маалымат берди.

Анын айтымында, жарандар медкызматкерлердин, өкмөттүн айткандарына кулак төшөбөй, вирус жайылып кетти.

«Коронавирус азыр биздин жаныбызда, кошунабызда. Бул өтө коркунучтуу нерсе. Акыбал оор болбосо жакшынакай өзүңөрдү карап, сабырдуулук менен мамиле кылганга өтүңүздөр. Өзүңүздөр ойлосоңуздар жайында сасык тумоо болбойт, бул вирус. Силер биздин өкмөттүн, медиктердин айткан нерсесин уккан жоксуздар. Ошондуктан вирус жайылып кетти», — деди Түлөбаев.

Количество просмотров: 545