• Шейшемби 30 Кулжа 2026
  • Вторник 30 Июнь 2026

Вирустун белгилери бар жарандар өзү кайрылган фактылар көп чыгып жатат

28 Бугу 202013:38 Бишкек Govori.TV

Вирустун белгилери бар жарандар медициналык мекемелерге өзү кайрылган фактылар көп чыгып жатат. Бул тууралуу Кубатбек Боронов билдирди.

«Вирустун белгилери бар жарандар медициналык мекемелерге өзү кайрылган фактылар көп чыгып атат, алар оорулуулар менен түз байланышта болгон эмес, кайдан, кантип илдетти жуктуруп алганын да билишпейт. Бул оорунун очокторунун көбөйгөндүгүнөн кабар берет. Демек, бардык коопсуздук чараларын күчөтүү зарыл, санитардык талаптар, үй карантини, обсервация режими жана башка бекитилген ченемдер так сакталышы керек. Ар бир адам кайдыгерлиги үчүн жоопко тартылаарын унутпашыңыздар керек. Күтүлбөгөн жерден оору болуп кетпеши үчүн, кырдаал көзөмөлдөн чыкпашы керек. Жарандар коомдук жайларда, коомдук транспортто, эл көп топтолгон жерлерде өз коопсуздугу үчүн беткаптарды кийүүлөрү зарыл”, — деп билдирди республикалык штабдын жыйынында Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов.

Количество просмотров: 174