• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Вице-мэр: Бишкек шаарына кирүү үчүн ПЧР-тест талап кылынбайт

13 Бугу 202012:07 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарына кирүү үчүн ПЧР тест талап кылынбайт. Бул тууралуу бүгүн,13-майда  Бишкек шаарынын вице-мэри Азиз Алымкулов онлайн брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, шаарга кире бериштерде 16 санитардык контролдук пункттар орнотулган.

«Бишкек шаарына кирүү үчүн ПЧР-тесттен өткөндүгү тууралуу маалымкат көрсөтүү талап кылынбайт. Иштеген жеринен маалымкат жана маршруттук кагаз жетиштүү», — деди Алымкулов.

Алымкулов  Чүй облусунда жашап, бирок Бишкек шаарында жашаган жарандар бар экенин белгилеп, аларга шаарга кирүү үчүн ПЧР-тесттен өткөндүгү тууралуу маалымкат алуунун зарылдыгы жок экенин кошумчалады.

Количество просмотров: 84