• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Мурунку вице-мэр Мирлан Амантуров камакта калтырылды

5 Үчтүн айы 2021 15:21 Бишкек Govori.TV

Бишкектин Биринчи май райондук соту мурунку вице-мэр Мирлан Амантуровдун баш коргоо чарасын 31-декабрда караган. Ал УКМКнын абагына (СИЗО) камакка алынганын бүгүн, 5-январда райондук соттун басма сөз кызматы билдирди.

Ал соттук териштирүү иштеринин алкагында 28-февралга чейин камакта болот.

Эске салсак, ал 2020-жылдын 29-декабарында кармалган. УКМКнын 30-декабрдагы маалыматына караганда, ал мэрия менен «Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасынын ортосундагы коррупциялык схемага тиешеси бар деп шек саналууда.

УКМКнын маалыматы боюнча, 2015-2019-жылдары А.М.К. байланышы бар компания 100 млн сомдон ашык каражатка муниципалдык буйрутма алып, бул каражаттын бир бөлүгүн ээлеп алышкан. Муну кесепетинен мэрия тарабынан өз убагында каржыланганы менен подрядчы компания ишти өз убагында аткарган эмес.

Учурда бул коррупциялык схемага аралашкан башка мамлекеттик кызматкерлерди аныктоо иштери уланып жатат.

Количество просмотров: 167