Бишкек шаарынын вице-мэри Нурдан Орунтаев депутат Дастан Бекешевди сотко берет. Бул тууралуу 24.kg жазды.
«Жайында шаардагы ар кандай объектилерди орнотууга досторуна жардам берүүнү суранган. Бирок бул мыйзамсыз болчу, биз баш тарттык. Ушуга байланыштуу азыр ушундай саясат жүргүзүп, мени эл алдында кемсинтип жатат», — деген Нурдан Орунтаев.
Белгилей кетсек, бүгүн, 15-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Бекешев вице-мэрдин антимитинг өткөргөнүнө нааразы болгон.