• Дүйшөмбү 29 Кулжа 2026
  • Понедельник 29 Июнь 2026

Адвокат: Жогорку сот 13 жашар кызды зордуктагандарга жумшак өкүм чыгарып койду

5 Чын куран 202313:44 Бишкек Govori.TV

Жогорку сот 13 жашар кызды зордуктагандарга жумшак өкүм чыгарып койду. Мындай пикирин жактоочу Тимур Султанов журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

Султановдун айтымында, Кыргызстанда пост жазгандар 5 жылга соттолуп, ошол эле учурда оор кылмыш жасагандар 7,5 жылга гана эркинен ажыратылып жатат.

«Айыпталуучулардын бирине Бишкек шаардык соту 6 жыл берген. Жогорку соттун чечимине ылайык, 6 жылга кесилген милиция кызматкеринин жаза мөөнөтү 7,5 жылга өзгөрдү. Калган эки айыпталуучуга карата шаардык сот чыгарган чечим күчүндө калды. Албетте, бул чечимге канаттанган жокпуз»,-деди Султанов.

Эске салсак, мындан туура бир жыл мурун 13 жаштагы кызды зордуктоого шектүүлөр кармалган. Кылмышка милициянын эки кызматкери жана «Дордой» базарынын кароолчусу айыпталууда. 

Количество просмотров: 168