«13 жашар кызды зордуктаган милиция кызматкерлеринин жоопко тартууда сотторду сатып алган»,- деп буга чейин жабырланган кыздын ата-энеси өздөрүнүн күмөнүн айткан.
Буга Бишкек шаардык сотунун судьясы Мирад Динеев жооп мындай жагдай болбогонун жана болушу да мүмкүн эмес экенин айтты.
Мындан сырткары эгерде соттордун кызы ушундай окуяга дуушар болсо, кандай чара көрүлмөк деген суроо берилди.
Буга Бишкек шаардык сотунун судьясы Мирад Динеев кимдин баласы жана ким экенине карабастан мыйзам барына бирдей иштеши керектигин айтты.
Эске салсак, буга чейин 13 жашар кызды зордуктоого шектүүлөрдү актаган судьяга каршы виртуалдык митинг өткөн.