• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Вице-премьер акча үнөмдөө үчүн 3 аткаминерди иш сапарга жөнөтпөй койду

16 Жетинин айы 202017:40 Бишкек Govori.TV

Вице-премьер-министр Эльвира Сурабалдиева бюджеттин каражатын үнөмдөө үчүн 3 аткаминерди Түркияга болгон иш сапарга жөнөтпөй койду. Бул тууралуу Сурабалдиева социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Анын айтымында, 2021-жылы өтө турган Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын уюштуруу иштери боюнча жолугушуу үчүн 5 адамдан турган делегация Түркияга барууга камынып жаткан. Анын экөөнүн жол чыгымдарын чакырган тарап төлөп, үчөө бюджеттин эсебинен бармак.

«Бюджеттик каражатты үнөмдөө майда нерседен башталат», — деп жазган Сурабалдиева.

Количество просмотров: 137