• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Вице-премьер: Баткендеги селдин чыгымы 55 миллион сомдон ашты

6 Бугу 202012:51 Бишкек Govori.TV

Баткен облусу боюнча жалпы материалдык чыгым 55 миллион 276 миң 500 сомду түздү. Бул тууралуу бүгүн, 6-майда Жогорку Кеңештин жыйынында вице-премьер-министр Акрам Мадумаров билдирди.

Анын айтымында, сел турак жайларга, социалдык мекемелердин имараттарына, ички чарбалык курулуштарга зыянын тийгизди.

«Катталган селдин кесепетинен 116 турак жайдын, 5 социалдык мекеменин, 12 өндүрүш жайынын короосун суу каптап, 32 бак-дарактарды мөндүр күүгөн. Эгин талаалары да жабыркап, 5 бодо малды агызган. Ички чарбалык көпүрө да авариялык абалга кептелип, 400 метрден ашуун аралыктагы сай жээктериндеги коргоочу тосмолорду суу жууп кеткен», — деп билдирди Мадумаров.

Количество просмотров: 198