• Дүйшөмбү 29 Кулжа 2026
  • Понедельник 29 Июнь 2026

Асрандиев: Донорлордон алып жаткан каражаттардын 166 млн доллары грант болуп эсептелет

10 Теке 202013:36 Бишкек Govori.TV

Эл аралык донорлордон алып жаткан каражаттардын 166 млн доллары грант болуп эсептелет. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында вице-премьер-министр Эркин Асрандиев билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күнү эл аралык каржы институттарынан 627 млн доллар алуу боюнча сүйлөшүлүп, алдын ала макулдашуу болгон.

“Жалпы сумманын 26%ы грант түрүндө алынууда – 166 млн доллар. Калган 461 млн доллар жеңилдетилген насыя катары берилүүдө. Алардын шарттары: мөөнөттөрү 10 жылдан 20 жылга чейин, үстөгү 0,7-1,5%, негизги сумманы төлөөдө жеңилдетилген мөөнөт каралган”, — деди ал.

Количество просмотров: 155