• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Асрандиев: 4 айда бюджетке 10 млрд сомдон ашык киреше түшпөй калды

15 Бугу 2020 15:53 Бишкек Govori.TV

Быйылкы жылдын 4 айында  бюджетке 10 млрд сомдон ашык киреше түшпөй калды. Бул тууралуу бүгүн,15-майда өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында вице-премьер-министр Эркин Асрандиев билдирди.

«Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, Кыргызстандын ИДПсы 148 млрд сомду түзүп, былтыркы жылга караганда 3,8%га төмөндөгөн. Экономикадагы терс көрүнүштөр бюджеттин киреше бөлүгүнө таасирин тийгизди. Быйылкы жылдын 4 айында пландалган суммадан бюджетке 10 млрд сомдон ашык киреше түшпөй калды. Апрель айында эле бюджеттин киреше бөлүгүнүн жоготуулары 4,8 млрд сомду түздү», — деп билдирди вице-премьер министр.

Количество просмотров: 108