Коронавирус пандемиясы башталгандан тарта жалпысынан 243 миллион доллар каражат жардам иретинде көрсөтүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 15-майда вице-премьер-министр Эркин Асрандиев брифингде билдирди.
“Бюджетти ички резервдерди карап жатабыз, кайсыл булактардан толтуруу тууралуу пландарыбыз бар. Ал эми сырттан жардам алып келүү иштери жүрүп жатат, бүгүнкү күндө 243 миллион доллар сырткы жардам катары келип түштү. Дүйнөлүк валюта фондунан буга чейин которулган 120 миллион доллар бюджеттин чыгашаларына жумшалды. 1-2 күн мурда дагы 120 миллион доллар келип түштү”, — деп билдирди Асрандиев.