• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Вице-премьер-министр карантин маалында сулуулук салонунда жүрөбү? 

24 Чын куран 20209:41 Бишкек Govori.TV

Аида Исмаиловага окшош айымдын сулуулук салонуна кирип бара жатканын шаардык тургун видеого тартып алганын Vesti.kg сайты жазды.

Анда видеону тартып алган жаран кечээ жакында эле вице-премьер-министрликке дайындалган Аида Исмаилова Бишкекте киргизилген өзгөчө абал режимин бузуп жүрөбү? деген суроо салган.

«Вице-премьер карантиндин талаптарын бузууда, сулуулук салонуна кирип кетти»,-деп билдирген ал.

Видео материалдан Аида Исмаиловга түспөлдөшкөн кара чачтуу айым сулуулук салонуна кирип баратканын көрүүгө болот. Автордун айтымында видео 22- апрелде болжолдуу саат 10:30да Токтогул жана Турусбеков көчөлөрүнүн кесилишинде тартылган.

https://m.youtube.com/watch?feature=youtu.be&v=afIyCkZOBf4
Количество просмотров: 1232