• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Вице-премьер-министр жайында бейтаптарга күмөндүү дарылар таратылганын айтты

3 Бештин айы 2020 9:11 Бишкек Govori.TV

Вице-премьер-министр Элвира Сурабалдиева 2-декабрда Коронавируска каршы күрөш боюнча республикалык штабдын кезектеги жыйынында быйыл жай мезгилиндеги пандемия күч алган учурда айрым бейтапканалар алдын ала текшерилбеген дарыларды вируска каршы таратышканын билдирди.

«Бишкек шаарындагы бейтапканалардын врачтары жайында вируска каршы кытай таблеткаларын таркаткандыгы кооптондурат. Эмне себептен тийиштүү текшерүүлөрдү өткөрбөстөн, бул дары-дармектер медициналык мекемелерге берилген? Алардын курамын, сертификатташтырылгандыгын эч ким текшерген эмес. Бирок аларды пандемия учурунда иммунитети алсыз жарандарга беришкен. Мындай учурлар үчүн Саламаттык сактоо министрлигинин жооптуу кызматкерлерине тартиптик мүнөздөгү чаралар колдонулат”, -дейт ал.

Сурабалдиева мындан тышкары гуманитардык жардам тууралуу отчет боюнча Саламаттык сактоо министрлигинин жана жергиликтүү бийликтин дарегине катуу сын айтты.

Сурабалдиеванын белгилешинче, отчетто канча дары каражаты түшкөнү жана алардын аталышы көрсөтүлгөн эмес.

Булак: Азаттык.

Количество просмотров: 65