• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Вице-премьер-министрликке Эркин Асрандиевдин талапкерлиги көрсөтүлдү

4 Бирдин айы 202012:35 Бишкек Govori.TV

Премьер-министр Мухаметкалый Абылгазиев Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдуулук, мамлекеттик түзүлүш жана сот-укуктук маселелер комитетине вице-премьер-министрлик кызматка Эркин Асрандиевдин талапкерлигин карап көрүүнү сунуш кылды.

Өкмөт башчы Асрандиев өкмөттүн финансы-экономикалык маселелерине толугу менен жооп берерин, муну менен биринчи вице-премьер-министр Жеңиш Разаковго жүктөлгөн милдеттердин бир бөлүгү алынарын билдирди.

Анын айтымында, Разаков чек ара маселелерин чечүүгө көңул бурат, ал эми коңшулар менен экономикалык карым-катыш, алака маселесин, анын ичинде ЕАЭБ өлкөлөрү менен мамилени чечүү вице-премьер-министрге, тагыраагы Эркин Асрандиевге жүктөлөт.

Өкмөт башчынын маалыматына караганда, вице-премьер-министр Замирбек Аскаров 3-февралда кызматынан бошотууну өтүнгөн арыз менен президентке кайрылган. Премьер-министр Аскаровдун талапкерлигин Өзгөчө кырдаалдар министрлигине сунуш кылган.

Эркин Асрандиев учурда Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондун жетектейт.

Количество просмотров: 138