• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Вице-спикер Бакиров «Мекеним Кыргызстан» партиясын жетектейт

5 Кулжа 2020 16:58 Бишкек Govori.TV

 «Мекеним Кыргызстан» саясий партиясынын лидери болуп Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Мирлан Бакиров шайланды. Бул тууралуу kaktus.media жазып чыкты.

Белгилей кетсек, Бакиров парламентте «Өнүгүү-Прогресс»  фракциясынан келген.

Маалыматтарга ылайык, жакында эле “Мекеним Кыргызстан” партиясынын саясий кеңешинин жыйыны өткөн. Ага парламенттин депутаттары Каныбек Иманалиев, Таабалды Тиллаев, Марлен Маматалиев, Бактыбек Раимкуловдор катышкан.

Юстиция министрлигинин маалыматы боюнча партиянын жетекчиси катары Ош шаарынын мурунку мэри Ильичбек Эргешов айтылыт. Мындан тышкары партиянын негиздөөчүлөру катары 10дой адам катталган. Көбү курулуш бизнеси менен алек болгондор.

“Мекеним Кыргызстан” партиясы — Ош, Токмок, Каракол, Балыкчы жана Майлуу-Суу шаардык кеңешине шайлоого катышап жатат.  күзүндө өтө турган парламенттик шайлоодо негизги күчкө айланары айтылууда.

Кыргызстанда кезектеги парламенттик шайлоо быйыл 4-октябрга белгиленген.

Количество просмотров: 143