• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Владимир Путин ант берди. Орусияда Сталинден кийин эле бийликте эң узак отурган лидер болду

7 Бугу 2018 17:14 Бишкек Govori.TV

Бишкек 07.05.2018. Govori.TV.

Орусия Федерациясынын Президентинин кызматына киришип жаткан Владимир Путин ант берди. Салтанаттуу иш чара Кремлде болду.

Мамлекет башчысы иш бөлмөсүнөн чыгып, Кремлдин чоң сарайына келгени түз эфирден көргөзүлдү.  Владимир Путин биринчи жолу Орусиядан чыккан «Кортеж» лимузинине отурду.

Ант берүү аземине өкмөт мүчөлөрү, Дума менен Федерация кеңешинин депутаттары, президенттин администрациясынын жетекчилиги, Конституциялык соттун судьялары, элчилер, маданият менен спорттун өкүлдөрү катышты. Башка өлкөлөрдүн президенттери салтанатка чакырылган эмес.

Чоң Кремль сарайынын сахнасына бийликтин үч бутагынын башчылары, Федерация кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко, Мамдуманын спикери Вячеслав Володин жана Конституциялык соттун төрагасы Валерий Зорькин чыгышты. Андан соң залга мамлекеттик желекти жана президенттин штандартын алып келишти. Владимир Путин ант берип бүткөн соң, салтанатка катышкан мамлекеттик-коомдук ишмерлердин, интелегенция өкүлдөрүнүн жана дипломатиялык корпустун куттуктоолорун кабыл алды.

Владимир Путин 66 жашка чыкты.

Владимир Путиндин ант берүү салтанатынын алдында, 5-6-майда төртүнчү мөөнөткө кызматка киришүүсүнө каршы Орусиянын 30га жакын шаарында митинг болуп өттү. Бул нааразылык акциялары учурунда өлкө боюнча 1600 адам кармалганын буга чейин “ОВД-инфо” укук коргоо порталы жазып чыккан. Алардын алды 25 суткага камакка алынды.

Количество просмотров: 32