• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Воронцова менен Архарова Жогорку Сотко аттанды

20 Бирдин айы 2018 9:28 Бишкек Govori.TV
Бишкек.20.02.2018.Govori.TV
Жогорку Соттун судьялыгына 46 талапкер ат салышууда. Сотторду тандоо кеңешинин сайтына 46 талапкердин аты-жөнү жана кызматтары тууралуу маалымат жайгаштырылган.

Алардын арасында учурдагы соттор, адвокаттар, мугалимдер, жеке жана мамлекеттик ишканалардагы юристтер бар.
46 талапкердин ичинен көзгө дароо Бишкек шаардык сотунун судьясы Ирина Воронцова жана Октябрь райондук сотунун судьясы Кымбат Архарова көзгө түшөт. Жогорку Соттогу ишенимдүү булактардын билдиришинче судья болуп дал ушул эки айым Воронцова менен Архарованын келиши күтүлүүдө жана бул маселе мурда эле чечилген.
Ирина Воронцова менен Кымбат Архарова кайсы эмгеги үчүн Жогорку Сотко судья болушу мүмкүн. Анда эмесе эскерип көрөлү.
Ирина Воронцова экс-президент Алмазбек Атамбаевдин мурдагы жансакчысы Эркин Мамбеталиевдин ишин караган. Эркин Мамбеталиев учурда коюлган айыптардан кутулуп, эркиндикте.
Ирина Воронцованын сот болгон тарыхындагы эң чуулгандуу сот иши депутат Аида Салянованын иши. Воронцова соттук ишти чагылгандай тездикте, процессуалдык эрежелерин бузуп түнү менен карап Саляновага райондук соттун чечимин күчүндө калтырды.
Октябрь райондук сотунун судьясы Кымбат Архарова 2017-жылдагы дагы бир чуулу сот процесси болгон президент менен журналисттердин сотун караган. Нарын Айып, Чолпон Жакупова, Дина Маслова президентке сотто утулуп, ири айыпка жыгылган.
Количество просмотров: 24