Бишкек. 28.03.2019.Govori.TV.
Якутияда мигранттарды жумушка алууга тыюу салуу Кыргыз жарандарына тиешеси жок. Мындай маалыматты Орусиянын маалымат каражаттары Саха Республикасынын башчысынын аппаратынан кабарлашканын жазып чыгышкан.
Маалыматта айтылгандай, мигранттардын иштөөсүнө тыюу салуу ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдөн келген жарандарга жайылтылбайт.
«Бул Владимир Путиндин Кыргыз өлкөсүнө жасаган мамлекеттик сапарына жана буга чейин болгон кырдаалга байланыштуу эмес. Бул аймак башчысынын жылда кабыл алган буйругу. Мындай буйрук 2018-жылы да кабыл алынган. Бул жылы ага бир гана илимий ишмердүүлүк боюнча кошулду. Буйрук патент менен иштегендерге гана жайылтылат. Тактап айтканда, анын жогорку квалификациялуу адистерге, Кыргыз өлкөсү, Беларусь жана Армениянын (ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн) жарандарына тиешеси жок»,-деп жазылган маалыматта.
Эске салсак, Якутиянын (Саха Республикасы) башчысы Айсен Николаев 2019-жылы чет элдик жарандарды жумушка кабыл алууга тыюу салган буйрукка кол коюп, ал Якутиянын расмий сайтына жарыяланган. Анда мигранттарга 33 тармакта иштөөсүнө тыюу салына турганы көрсөтүлгөн. Тактап айтканда, мигранттар айыл чарба, соода, курулуш тармактарына жана коомдук тамактануу жайларына жумушка алынбайт. Ошондой эле мигранттар коомдук транспорт жана такси унаалары менен киши ташый алышпайт.
Мигранттарга каршы саясаттын катаалдашына 17-марттагы жергиликтүүлөрдүн нааразылык акциясы түрткү болду. Якутиялыктар жергиликтүү аялдын кыргызстандык мигрант тарабынан зордукталышына байланыштуу каршылык билдирип чыгышкан.
Мындан улам Якутиянын башчысы Айсен Николаев менен Якутск шаарынын мэри Сардана Авксентьева мыйзамсыз мигранттардын маселесин чечүүнү жергиликтүүлөргө убада кылышкан.