• Жума 5 Кулжа 2026
  • Пятница 5 Июнь 2026

Япония курамасы Бишкекке келди

11 Жетинин айы 20199:54 Бишкек Govori.TV

Футбол боюнча Япония курамасы Бишкеккке келди. Бул тууралуу Кыргызстандын футбол федерациясы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Япония курамасы 10-ноябрдан 11-ноябрга караган түнү Дели шаарынан учкан курама «Манас Эл аралык» аэропортуна конгон.

Япон курамасынын машыктыруучулар жана медициналык штаб жана улуттук чемпионатта ойноп жатышкан футболчулар келишти. Ал эми чет жактардагы клубдарда ойнгон футболчулар атайын каттам менен келери айтылат. Команданын толук курамы 12-ноябрда болот,-деп айтылат маалыматта.

 Кошумчалай кетсек, 14-ноябрда Япония 2022-дүйнө чемпионаты жана 2023-Азия Кубогу мелдешине тандоо турунун алкагында Кыргызстандын улуттук курамасы менен беттешет.

Количество просмотров: 288