• Шаршемби 22 Теке 2026
  • Среда 22 Июль 2026

Японияда цунами коркунучунан улам калкты эваукациялоо башталды

1 Үчтүн айы 202422:08 Бишкек Govori.TV

Жапониянын борбордук бөлүгүндө 1-январда күчү 7,6 баллга жеткен зилзаладан кийин өлкөдө цунами коркунучу жарыяланды.

Исикава префектурасындагы деңиздин жээгинде жайгашкан Ното районунун тургундарына “токтоосуз коопсуз жактарга чыгып кетүү” эскертүүсү берилди. Бул тууралуу улуттук NHK телеканалы маалымдады.

Билдирүүгө ылайык, аталган райондо толкун беш метр бийиктикке көтөрүлүп жатат. Андан тышкары цунами эскертүүсү коңшу Ниигата жана Тояма райондорунда да берилди.

Жапониядагы атомдук электрстанцияларды тейлеген ири Kansai Electric ишканасы жабыркаган райондордо жайгашкан объектилерде баары жайында экенин билдирди.

Түштүк Кореянын Метеорологиялык агенттиги эскерткендей, дүйшөмбү кечинде цунами өлкөнүн чыгыш жээгине жетиши мүмкүн.

Зилзаланын кесепеттери Орусиянын Сахалин аймагында да күтүлүүдө. Өзгөчө кырдаалдар башкармалыгы билдиргендей, ал жакта дагы деңиз жээгиндеги аймактардын тургундарын эваукациялоо иштери башталды.

Количество просмотров: 216