• Шаршемби 22 Теке 2026
  • Среда 22 Июль 2026

Япониядагы жер титирөөдөн каза болгондордун саны өсүүдө

2 Үчтүн айы 202414:05 Бишкек Govori.TV

Япониянын батыш жээгиндеги Ното жарым аралында болгон катуу жер титирөөдөн каза болгондордун саны өсүүдө. Премьер-министр Фумио Кишида 2-январда, «көп сандаган курмандыктар бар» деп билдирди. Ал аман калгандарды куткарууну “убакыт менен жарыш” деп атады.

Жергиликтүү бийликтердин маалыматы боюнча, кеминде 30 адам өлгөнү тастыкталды. Эң чоң кыйроо Исикава префектурасындагы Вадзима шаарында болду.

Жапониянын борбордук бөлүгүндө 1-январда күчү 7,6 баллга жеткен зилзаладан кийин өлкөдө цунами коркунучу жарыяланды.

Жапония Метерология агенттигинин маалымат булактарына кабарлоосуна караганда, силкинүү бүгүн, 1-январда жергиликтүү убакыт боюнча саат 16:10 (Бишкек убактысы боюнча саат 13:10) чамасында катталган. Биринчи силкинүү Исикава префектурасындагы Анамицу шаарынан 43 км алыстыктагы аймакта болгон. Андан көп өтпөй, күчү 5.7 баллга жеткен экинчи силкинүү ушул эле префектуранын башка аймагында катталган.

Кырсыктын кесепетинен 36 миңден ашуун үй жарыксыз, байланышсыз калган. Жапониянын Атомдук башкаруу агенттиги АЭСтерде эч кандай чекилик жок экенин, нормалдуу иштеп жатканын  билдирген.

Жердин силкинүүсүнөн префектурадагы Жапон деңизи ташып, цунами каптоо коркунучу жаралды. Мындан улам жапон бийлиги Кага, Ното, Нигата, Тояма райондорундагы калкты коопсуз жактарга көчүп кетүүгө үндөдү.

Количество просмотров: 320