Дүйнө биринчилигине тандоо турунун алкагында бүгүн, 15-июнда Кыргызстандын курамасы Япония менен ойнойт. Беттеш Япониянын Суйта шаарында өтүп, Бишкек убактысы боюнча саат 16:25те башталат. Анда Кыргызстандын курамасынын оюнчуларынын тизмеси белгилүү болду.
Дарбазачы Павел Матяш. Коргоочулар Александр Мищенко, Айзар Акматов, Бактияр Дүйшөбеков, Тамирлан Козубаев, Кайрат Жыргалбек уулу. Жарым коргоочулар Алимардон Шүкүров, Гүлжигит Алыкулов, Фархат Мусабеков, Алимардон Шүкүров жана чабуулчу Мирлан Мурзаев.
Дүйнө биринчилигине тандоо турунда Кыргызстан F тайпасында жайгашкан. Бул тайпада алдыда Япония курамасы келе жатат.