• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Япониянын Премьер-министри Синдзо Абэни Кыргызстанга келет

23 Тогуздун айы 2019 13:25 Бишкек Govori.TV

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 23-октябрда, Япониянын Премьер-министри Синдзо Абэ менен Токио шаарында жолугушту.

Жолугушууда кыргыз-япон эки тараптуу кызматташтыктын келечеги талкууланды.

Япониянын Премьер-министри Синдзо Абэ Президент Сооронбай Жээнбеков менен болгон алгачкы жолугушуусуна жана анын Японияга визит менен келгенине кубанычта экенин белгиледи. Япониядагы жакында болуп өткөн тайфундун кесепетинен адам курмандыктарына байланыштуу жылуу колдоо сөздөрү үчүн ыраазычылык билдирди.

Парламенттер ортосундагы мамилелер, экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташуу тармактарында Кыргызстан менен өнүгүп жаткан байланыштарды канааттануу менен баса белгиледи.

Ал Япония жана Кыргызстан адамдын укуктарын коргоо боюнча жалпы баалуулуктарды карманып, парламенттик демократиянын өнүгүүсүн колдошконун белгиледи.

Синдзо Абэ көптөгөн багыттар боюнча, анын ичинде жогорку сапаттуу технологиялар чөйрөсүндө кызматташууну активдештирүүгө даярдыгын баса белгиледи.

Президент Сооронбай Жээнбеков япон элин Нарухито императорунун такка отурушу менен куттуктап, Кыргызстан Япония менен ар тараптуу кызматташууну өнүктүрүүгө чоң маани берерин белгиледи.

Кыргызстандын экономикасынын өнүгүшүнө, өлкөдөгү маанилүү социалдык-экономикалык долбоорлорду ишке ашырууга берип жаткан жардамы үчүн ыраазычылык билдирди.

Сооронбай Жээнбеков кичи жана орто ишкердиктеги чоң потенциалды белгилеп, өз ара пайдалуу экономикалык кызматташтыкты активдештирүүгө кызыкдарлыгын билдирди.

Ал япон компанияларынын Кыргызстанда бизнес-долбоорлорду ишке ашырууга жогорулап бара жаткан кызыгуусун канааттануу менен баса белгилеп, алардын ийгиликтүү ишмердигин белгиледи.

Япониянын Премьер-министринин көңүлүн Кыргызстандын гидроэнергетикалык чоң потенциалына бурду.

«Бизде кичи гидроэлектростанцияларды курууга жакшы мүмкүнчүлүктөр бар. Энергетика тармагында кызматташууну өнүктүрүү максатында жакынкы убакта Японияга тиешелүү делегацияны жөнөтүүгө даярбыз», — деп белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков.

Ал Кыргызстан ЕАЭБдин мүчөсү жана ВСП+ статусунун ээси катары экспорттук потенциалга ээ экенин, ички инфраструктурасын  жакшыртууга, өзгөчө фитосанитардык лабораторияларды курууга муктаждыгы бардыгын белгиледи.

Президент Сооронбай Жээнбеков Япониянын Премьер-министри Синдзо Абэни ага ыңгайлуу болгон убакта Кыргызстанга келип кетүүгө чакырды.

Синдзо Абэ Сооронбай Жээнбековдун Кыргызстанга чакыруусун ыраазылык менен кабыл алды.

«Мен сиздердин  өлкөңүзгө барууга кубанычта болом», — деп баса белгилеп,  Премьер-министр Синдзо Абэ  Президент Сооронбай Жээнбековду дагы Японияга визит менен келип кетүүгө чакырды.

Количество просмотров: 65