• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Ыдырыс Исаков милицияга эмнеге суракка чакыртылганын айтты

6 Бирдин айы 2023 9:25 Бишкек Govori.TV

Эркин журналист, блогер Ыдырыс Исаков Ош шаардык ички иштер башкармалыгына сурак берип чыкты. Бул тууралуу ал социалдык түйүндөрдөгү баракчаларына жазды.

Күн мурун Исаков милицияга аны оозеки чакырышканын, колуна чакыруу тие электигин билдирген. Анын айтымында, алгач ага Ички иштер министрлигинен байланышып, кийин шаардык милициянын тергөөчүсү телефон чалган. Алар журналисттин интернетте тарап жаткан видеосуна байланыштуу түшүндүрмө берүүнү талап кылышкан.

Журналист өзү кеп болуп жаткан видео азыркы президент тууралуу болушу мүмкүн деп болжоп жатканын айткан. Анда Ыдырыс Исаков Садыр Жапаров камакта жаткан маалдагы видеолорунун биринде сыпаттама берип сүйлөгөн. Ал видеону белгисиз адамдар кыркып, жаңылап, кайрадан Тик-Ток жана башка социалдык түйүндөргө таратып жиберишкен.

Количество просмотров: 85