• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

Журналист Ыдырыс Исаков милицияга чакыртылды

23 Жалган куран 2023 13:29 Бишкек Govori.TV

Журналист Ыдырыс Исаков дагы милицияга чакырылганын билдирди. Анын айтымында, ал суракка буга чейинки чыгарган видеосу боюнча чакыртылган.

«Эсиңиздерде болсо, баягыда мен “Сарыбашов мырза сизби?” — деп сураганда атын жашырып качкан инспектор эми менин үстүмөн милицияга даттаныптыр. Алгач ал киши талаштуу жердин түпкү документтерин таап, документтери жасалма эмес экенин далилдеп алгандан кийин менин үстүмөн милицияга эмес, бандиттерге даттанса дагы эп болмок. Али ал кишинин ак же кара экени аныкталбай атып, актанып баштаганы бир аз шашкандай болуп калыптыр», — деп жазат ал.

Кошумчалай кетсек, журналист Ыдырыс Исаков буга чейин да бир нече жолу милицияга сурак берген.

Ыдырыс Исаков «Азаттык» радиосунда бир нече жыл эмгектенген. Учурда өзүнүн аты менен YouTube порталында канал ачып, түрдүү багыттагы материалдарды чыгарып келет.

Количество просмотров: 497