• Дүйшөмбү 13 Бугу 2024
  • Понедельник 13 Май 2024

Журналист Исаковго кол көтөргөн окуя боюнча иш кыскарды

12 Теке 2023 16:12 Бишкек Govori.TV

Эркин журналист Ыдырыс Исаков менен «Пансионат Ош» мекемесинин мурдагы директору Маматкарим Койчукуловдун чыры боюнча иш кыскартылды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, иш майда бейбаштык катары каралып, бул боюнча административдик чара көрүлөт. Ал Койчукуловго салына турган айыптын көлөмүн сот аныктайт.

Эске салсак, 12-июнда Маматкарим Койчукулов журналист Ыдырыс Исаковго кол көтөргөн. Окуя «Жетекчилерге жем болгон пансионат» деген программанын уландысын тартып жүргөн учурда болгон.

Оштогу жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү кайрылуу таратып, муну сөз эркиндигине сокку катары мүнөздөгөн. Ишти президент Садыр Жапаров өз көзөмөлүнө алышы керектигин айтып чыгышкан.

Количество просмотров: 124