• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Ысык-Көлдө уурулук менен алектенишкен топ кармалды

31 Теке 201811:46 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 31.07.2018. Govori.TV
Жайкы туристик мезгилде коомдук коопсуздукту сактоого чакырылган КР ИИМдин «Шумкар» атайын багыттагы полкунун милиция кызматкерлери тарабынан эс алуучулардын жана туристердин буюмдарын уурдоо менен алектенишкен эки шектүү адам кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБсинин маалымат катчысы Сталбек Усубакунов кабарлады.
Ал белгилегендей, 20-июлда Ысык-Көл РИИБне Бишкек шаарынан 52 жаштагы тургуну кайрылып, болжол менен саат 19.10- 20.30 аралыгында белгисиз адамдар «Алтын-Кум» эс алуу жайынын коттеджинин уктоочу бөлмөсүнө киришип, «Самсунг С7», «Самсунг НОТ4» үлгүсүндөгү уюлдук телефондорун жана «Самсунг Йога» үлгүсүндөгү ноутбукту уурдап кеткендигин билдирген. Материалдык чыгым 90500 сомду түзгөн.
“Аталган факты боюнча Ысык-Кө РИИБдин тергөө кызматы тарабынан КР КЖКнын 164 (Уурдоо) беренеси менен кылмыш иши козголуп, Ысык-Көл облусунун аймагында туристердин жана эс алуучулардын коопсуздугун камсыз кылууга тартылган милициянын өздүк курамы кылмыш бетин ачууга багытталган. Көрүлгөн иш аракеттердин натыйжасында аталган кылмыштын бети КР ИИМдин «Шумкар» АБПнын милиция кызматкерлеринин күчү менен көпкө узабай ачылды.
Кылмышка шектүү катары Балыкчы шаарынын тургундары, мурда ушундай эле кылмыш кылгандыгы үчүн темир тордун артында отуруп келген 35 жаштагы Ж. Кубаныч жана анын көмөкчү шакирти 22 жаштагы Ж. уулу Арген кармалышып, күнөлөрүн толугу менен моюндарына алышты. Кармалган адамдар райондук милициянын УКЖга киргизилди”,-дейт ал.
Учурда козголгон кылмыш ишинин алкагында тергөө амалдары жүргүзүү менен уурдоо фактысы үчүн кармалган шектүү адамдардын ушундай эле башка кылмыштарга тиешестиги текшерилүүдө.
Количество просмотров: 11