• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Ысык-Көлгө 2 адам чөгүп кетти

2 Баш оона 201810:11 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 02.08.2018.Govori.TV.

Кечээ Ысык-Көл облусунда дагы 2 адам сууга чөгүп кетти. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кабарлады.

Маалыматка ылайык алардын биринин денеси табылып, экинчиси изделип жатат. Болжол менен саат 20:30 чамасында Бостери айылындагы «Золотые пески» пансионатында 1977-жылы туулган эркек киши көлгө чөгүп каза болгон. Куткаруучулар маркумдун денесин суудан алып чыгып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришти. Ошондой эле, 1995-жылкы жаш жигит сууга чөгүп, ӨКМге маалымат келип түшкөн, алардын ыкчам тобу издөө иштерин жүргүзгөн. Бирок, сууга чөккөн жаран табылган эмес. Бүгүн дагы издөө иштери улантылып жатат.

Количество просмотров: 14