• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

“Ыйман дегендердин деле кандай иш кылып жүргөнүн билем”. Ташиев депутаттарга кайрылды

22 Кулжа 2022 18:38 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында оюн-зоок иши жөнүндөгү мыйзамдын долбоору каралып, депутатар бир катар суроолорун министрлер кабинетинин мүчөлөрүнө беришти.

Жыйынга Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров баш болгон министрлер келди.

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев депутаттардын алдында сөз сүйлөп, казино мыйзамын көзөмөлдөөгө чоң аракеттер көрүлөрүн айтты.

«Атайын программа иштелип жатат. Техникалык тейлөө борборун ачтык. Жабдууларды жана программалык камсыздоону алып келебиз. Кыргызстанда мурунтан эле онлайн казинолор иштеп жатканын билесиз. Ал жерде биздин жарандар ойношот. Ооба, алардын серверлери Казакстанда, Россияда жана башка өлкөлөрдө. Эгер бул мыйзам кабыл алынса, анда бардык онлайн казинолорду жабууга болот. Биздин өлкөдөн лицензия алган казинолор гана биз менен иштешет. Биздин жарандар ал жерде ойной алышпайт. Ал жерде кыргызстандыктар ойнобойт деп ким кепилдик берет деген суроого мыйзам кепилдик берет деп жооп берем, кепилдикти адам бере албайт», — деди Камчыбек Ташиев.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин башчысы айрым депутаттар мыйзам долбоорун талкуулоодо диндин нормалары тууралуу айтып жатканын белгиледи.

«Биз да намаз окуган жигиттерденбиз. Бирок ошол эле учурда диндин артына жашынгандар кандай бизнес кылып жатканын да билем. Кайсы акча алмаштыруу жайларыңар бар, кандай пайыз менен акча бересиңер билем. Казинодо ойноп банкрот болгондор бар”,-дейт Камчыбек Ташиев.

Количество просмотров: 577