Бишкекте стационарлардын биринде ыктыярчы катары иштеп жүрүп көз жумган Адинай Мырзабекованын жакындарына бир миллион сом компенсация төлөнүп берилди. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.
Белгилей кетсек, 21 жаштагы ыктыярчы-медик Адинай Мырзабекова 13-июль күнү Бишкектеги стационарлардын биринде жумуш учурунда көз жумган.
Буга чейин Бишкек шаарынын түштүк тарабындагы жаңы сейил бакка Адинай Мырзабекованын ысымы берилген болчу.