• Шейшемби 16 Чын куран 2024
  • Вторник 16 Апрель 2024

Ымыркай сатууга шектүү беш дарыгер камакта отурат

31 Тогуздун айы 2018 15:43 Бишкек Govori.TV
Бишкек.31.10.2018.Govori.TV.
Ымыркай сатууга байланышы бар деп шек саналган беш медицина кызматкери азыр тергөө абагында отурат. Бул тууралуу бүгүн парламентте маалымат берип жатып саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди.
Буга чейин Ички иштер министрлиги Бишкекте жаңы төрөлгөн ымыркайларды сатуу фактысы боюнча төрт кылмыш иши козголгонун кабарлаган.
Милиция Бишкектеги үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорунун биринде иштеген гинекологдор бала сатуу боюнча шек саналып кармалганын 7-сентябрда жарыялаган.
Количество просмотров: 41