Бүгүн Бишкектин Октябрь райондук сотунда «Инстаграмда» Sydyman деген ат менен белгилүү Элмир Сыдымановдун иши боюнча соттук отурум өтүүдө. Соттун алдына блогерди колдоп жакындары жана ырчы Анжелика келди.
Ырчынын айтымында, Элмир Сыдымановдун сөздөрүндө Кылмыш кодексин буза тургандай эч нерсе жок.
«Бүгүн Элмир Сыдымановду колдоп келдим. Себеби аны жалгыз бой эне тарбиялап чоңойтту. Учуда мен дагы 3 кызды тарбиялап жатам. Элмир үйдүн улуусу жана анын кичинекей бѳбѳктѳрү бар. Андыктан аны абакка камабай, административдик айып салса кайрымдуулук иштерин жасап кутулмак. Алдыда долбоорлор менен бирге иштеп иш алып бармакпыз», — деди ырчы.
Эске салсак, блогер быйыл 18-февралда Бишкектеги №1 тергөө абагына камалып, 28-февралда үй камагына чыгарылган.
Ага Жазык кодексинин 313-беренеси «Расалык, улуттук, диний же аймак аралык кастыкты (араздашууну) козутуу») боюнча айып коюлган.