• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Ырчы Анжеликанын депутаттык мандат алуусу арсар

12 Чын куран 2021 11:47 Бишкек Govori.TV

11-апрелде өткөн добуш берүүдө Бишкек шаардык кеңешине 25 партия ат салышкан. Алардын ичинен алтоо 7 пайыздык ченден өттү. Бишкек шаардык кеңешке депутаттыкка талапкер болгон ырчы Анжелика алдын ала жыйынтык боюнча мандат алган жок.

Автоматтык түрдө эсептеген урнанын алдын ала маалыматына ылайык, мандаттар алты партияга Борбордук шайлоо комиссиясынын сайтына жарыяланган маалымат боюнча, «Биздин эл» партиясына беш мандат буюрушу ыктымал.

«Биздин эл» партиясына беш мандат буюрушу ыктымал:

  1. Алмаз уулу Аскар, 1993-жылы төрөлгөн, «Биздин эл» партиясынын төрагасы;
  2. Ибрагимов Болот Адылбекович, 1989-жылы төрөлгөн, убактылуу иштебейт;
  3. Сатбалдиева София-Айдана Саипжановна, 1996-жылы төрөлгөн, убактылуу иши жок;
  4. Матосмонов Элзар Алтынбекович, 1997-жылы төрөлгөн, жеке ишкер;
  5. Мадьяров Жаныбек Анарбекович, 1987-жылы төрөлгөн, ишсиз.

Ырчы азырынча тизме боюнча комментарий бере элек.

Количество просмотров: 198